Китепкана кызматкери пневмониядан каза болду (видео)

1433

14 жашка чейинки балдардын бирдиктүү маалыматтык медициналык базасы түзүлөт. Тиешелүүү тапшырма кечээ өкмөттүн ыкчам кеңешмесинде берилди. Ага ылайык, бардык окуу жайларында балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын күнүмдүк эсеби жүргүзүлөт.

Ал эми 1-марттан тарта өлкөдөгү бардык мектептердин толук бойдон ачылып же ачылбашы белгисиз болууда. Себеби балдар арасында илдет күчөп кетүү коркунучу сакталып турат. Анын үстүнө, жакында эле бир мектеп кызматкеринин эки тараптуу пневмониядан каза тапканы агартуучуларды чоочутуп койду.