Китепкана, музейлер ачылды. Тойканалар качан? (видео)

1460

Өлкөдө музей, китепканалар өз ишин кайрадан жандантты. Бул үчүн санитардык эрежелерди сактоо боюнча атайын алгоритм иштелип чыккан. Ал эми коомдук жайларга кирген кинотеатр, балдардын оюн-зоок жайлары жана компьютердик клубдар дагы деле иштей элек. Эпидемиологиялык абал жакшыра баштаса аларга дагы уруксат берилиши мүмкүн экен.

Ал арада 50 адамдан көп чогулган кафе-ресторандарга катуу чаралар киргизилди. Эми биринчи жолу айып салынып, экинчи жолкусунда кылмыш иши козголот. Бирок тойкана ээлери буга макул эмес. Алар базар, ири соода түйүндөрү сымал жайларга уруксат берилип, ал эми тойлорго тыюу салуу максатка туура келбейт дешүүдө.