Клара Алибекова прокуратурага кайрылат

1347

Ырчы Клара Алибекова интернет булактарына тараган тасма боюнча прокуратурага жана башка тийиштүү органдарга арыз жазат. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосунун кабарчысына айтып берди. Мындан сырткары ырчы укук коргоочулардан жардам сураган учурда катуу корккондуктан өзүн токтото албай турганын, мас эмес экенин кошумчалады.

«Мен корккондуктан милиция кызматкерлеринин унаасына келип отуруп, зордуктоого аракет жасаган адамды алыс качып кете электе кармагыла деп сурандым. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын артынан түшкөндүн ордуна менин абалымды шылдыңдап, ар кандай орунсуз суроолорду берип, түн ичинде жолдун боюна түшүрүп коюшту. Мен алардын камерага тартып жатканын билген эмесмин», — деди Клара.

5-октябрда интернет булактарда ырчы Клара Алибекованы кимдир бирөөлөр зордуктоого аракет жасагандыгы тууралуу видео тараган. Ал жерде ырчы милиция кызматкерлерине өзүн белгисиз адам муунтууга аракет жасап, артынан кууганын, алыс эмес жерден милиция кызматкерлеринин унаасын көрүп аларга жардам сурап келгенин айтып жатканы камерага түшүрүлгөн. Ырчыны суракка алган милиция кызматкерлеринин одоно мамилеси, жардам бербей эле унаадан түртүп түшүрүп салганы көпчүлүк интернет колдонуучулардын кыжырдануусун жараткан.

ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов бул боюнча атайын иш- чаралар жүрүп жатканын, бардык маселе такталып, жообу болорун билдирген