КМЮАдагы добуш берүүгө мажбурлаган окутуучу 5 жылга камалабы? (видео)

659

Студенттерди коркутуу менен белгилүү талапкерге добуш берүүгө үндөө фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Эске салсак, буга чейин Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиянын окутуучусу куратордук саат өткөрүлүп жатып, студенттерди КСДПнын талапкери үчүн үгүттөө тууралуу аудио жазуу тараган. Анда окутуучу эгер студенттердин бул талапкерден башкасына добуш бергени байкалса, окуудан куулуп кетээрин айтып, коркутканы жазылып калган. Эми бул факты далилденсе, айыпкер 5 жылга чейин эркинен ажырап кетүүсү мүмкүн. Ал эми ушундай эле чакырык жасаган вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге карата адекваттуу чара көрүлбөй жатканы жарандык активисттердин нааразылыгын жаратууда. Мугалим болсо кылмыш иши козголуп, ал эми вице-премьерге келгенде мыйзам алсызбы?