Кочкор-Ата шаарындагы кафеде газ баллону жарылып, 4 адам жабыркады

882

Жалал-Абад областынын Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде газ баллону жарылып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу областтык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жарылуудан жапа чеккендер ооруканага жеткирилген. Бирөөсүнүн денесинин 40 пайызы күйүк алганы белгилүү болду. Тартип сакчылардын маалыматына караганда, жабыркагандардын үчөө Өзбекстандын Наманган шаарынын, бирөө Токтогул районунун тургундары.

Өзбекстандыктар Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринде мыйзамдуу каттоодо туруп, кафеде иштеп жатышкан. Ал эми кыргыз жараны Токтогулдан Кочкор-Ата базарына балык алып келген.

Учуда кырсыктын себептерин аныктоо максатында атайын экспертиза дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүүдө.