Кочкор менен Жумгал эли жайыт талашып чатакташууда (видео)

1222

Өлкө аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү керек. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын Нарын областында өткөн көчмө отурумунда айтылды. Жыйынга фракция мүчөлөрүнөн тышкары, жергиликтүү жетекчилер, өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты. Акимдер аткарылып жаткан иштер тууралуу отчет беришти, бирок элетти өнүктүрүү боюнча пландар айтылган жок. Аймактагы ишкерликти өнүктүрүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна Нарын областынан 38 долбоор түшсө, анын алтысы гана каржыланган. Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча да шарт түзүлгөн эмес. Эл аралык талаптарга ылайык лаборатория да курулган эмес. Ал эми жергиликтүү тургундарды жайыт, жол маселелери тынчсыздандырат экен.