Көчмө радарды талашкан милиционер кандай жазага тартылат? (видео)

633

Бишкекте жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен 3 учур катталып, анын бири адам өлүмү менен коштолду. Саат 23.00дө жеңил унааны башкарып бараткан адам 21 жаштагы жөө кишини коюп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапкан. Мындан тышкары, борбор калаанын эки жеринде жолдогу атайын чийинден өтүп бараткан эки киши кырсыкка кабылды. Эки учур тең видеого түшүп калган.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени айдоочулар абайлап калганы байкалган. Бирок видеокамералар орнотулбаган жерлерде абал баягыдай эле. Айрым участоктордо тартип сакчылары өздөрү «Коопсуз шаар» долбооруна тоскоолдук жаратып, көчмө радарларды көтөрүп кетүүдө.