НТС

Көчмөндөр оюндарынын 4-күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 1-орунда

Азыркы учурга карата Кыргызстандын эсебине 22 алтын, 15 күмүш, 13 коло байге жазылды. Кечээ өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы боюнча биздин спортчулар алдыда келе жатышат.

Жалпы медалдардын эсеби боюнча Кыргызстандын куржунунда — 60 байге бар. Анын 26сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.

Экинчи орунда — Россия келе жатат. Анын 36 медалынын – 13ү алтын, 8и күмүш, 15и коло. Үчүнчү орундагы Казакстанда 32 медаль бар, анын 11и алтын, 15и күмүш, 18и коло.

Андан кийинки катарларда 18 медаль менен Түркмөнстан жана 8 медаль менен Иран келе жатат.