Көчмөндөр оюну учурунда Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол жолу жабылат

1711

Экинчи сентябрдан 8-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөттү айылында жана Кырчын жайлоосунда Көчмөндөрдүн оюндары өтө тургандыктан жүк ташуучу автоунааларга, айыл чарба техникаларына, автобус жана кичи автобустардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Көчмөндөр оюну өтүп жаткан учурда башка автоунаалар үчүн альтернативдүү — Чолпон-Ата шаарынын түндүк жагындагы айланма жол иштейт.

Мындан улам, жол инспекторлор айдоочуларды көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, «Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол» жолу менен жүрүүнү сунуштайт.