Көчө шыпырып жатып өмүрү кыйылган ага-инилер (видео)

1703

Кызмат учурунда каза болгон «Тазалык» ишканасынын кызматкеринин сөөгү кичи мекени болгон Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жерге берилди. Ал эми окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 23-жаштагы айдоочу камакка алынды.

Ушуну менен көчө тазалып жүрүп, кырсыкка кабылып каза тапкан тазалыкчылардын саны 5 кишиге жетти. Ал эми саламаттыгына ар кандай жаракаттарды алган учурлар болсо 10дон ашат. Ошол эле учурда, күнү-түнү иштеген тазалыкчылар үчүн караңгыда жарыкка чагылышкан униформаларды алып берүү керектиги боюнча сунуш ишке ашпай келет.