Көчөдө аялын ур-токмокко алган киши камалды (видео)

2937

Бишкекте көчөдө аялын ур-токмокко алган киши 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Анда аялы, күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылганын айтып, арыз жазган.

Ал арада, тиешелүү мекеме кыз-келиндерге карата зомбулук көрсөтүү быйыл 30 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Алардын бир тобу боюнча кылмыш иши ачылып, тергелгени менен сотко жеткендери аз болууда. Көпчүлүк учурда көк ала болуп сабалган аялдар жолдошун кечирип, тосмо арыз жазып берүүгө мажбур болуп жатышыптыр.