Көчөдө баласын көтөрүп алып, кайыр сураган ата (видео)

619

Уулун бооруна кысып, жолдо кайыр сурап жүргөн адам эмне себептен мындай кадамга барганын түшүндүрдү. Бишкек шаарында жашаган 4 баланын атасы ооруп жаткан баласына дары-дармекке акча чогултуу үчүн тилемчилик кылууга аргасыз болгонун айтты. Жубайы экөө тең 3-топтогу майыптар. Мындан улам, алар үчүн жумушка орношуу оор.

Ал эми мамлекет тарабынан балдары үчүн жөлөк пул берилбейт экен. Буга чейин баласын көтөрүп алып, айдоочулардан кайыр сурап турган адамдын сүрөтү интернетте тарап, талкуу жараткан. Көпчүлүгү баланын коопсуздугу үчүн тынчсызданышып, атасынын дарегине сын-пикирлерин жазышкан.