Көчөдө түкүргөндөр 5 500 сом айыпка жыгылат (видео)

634

Түкүрүү үчүн киргизилген айыпка каршылыгын билдирип, Жогорку Кеңештин тосмосуна түкүргөн жаранды Бишкекке алып келишти. Айрым маалыматтарга караганда, ага «коомдук тартипти бузганы үчүн» кылмыш иши козголушу мүмкүн. Мыйзамга каршы чыккан адам Ысык-Көл областынын Тоң районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал Тоң райондук ички иштер бөлүмүндө түшүнүк кат жазып, кое берилген.

Кармалган адам бул жоругу үчүн мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин айтууда. Эске салсак, 1-январдан тарта күчүнө кирген бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык, коомдук жайларда, көчөлөрдө түкүргөндөр 5,5 миң сом айыпка жыгылат. Бирок бул мыйзамды ишке ашыруу механизмдери боюнча суроолор көп.