Көчөдө жаткан мас аял энелик укуктан ажыратылабы? (видео)

725

Көчөдө кызын карабай, мас болуп жаткан аял энелик укуктарынан ажыратылышы мүмкүн. Учурда ал келиндин жашаган жери, аты-жөнү аныкталды. Ал Сокулук районундагы Учкун айылынын 33 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, топтолгон материалдар Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын балдар менен иштөө инспекциясына өткөрүлүп берилди. Бул окуя боюнча чара көрүү максатында азыр социалдык кызматкерлер дагы иштеп жатышат. Бул аракеттердин жыйынтыгы менен кызын кароосуз калтырган энеге кандай чара көрүлөөрү белгилүү болот.