Көчөдөн сатылган тамактардан абайлагыла! (видео)

1146

Быйыл тамак-аштан уулангандар өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк катталууда. Адистердин айтымында, бул убакта уулангандардын саны азайып калчу. Бирок учурда жугуштуу оорулар боюнча республикалык ооруканада ууланган бейтаптардын саны али күнгө чейин арбын. Айтсак, жыл башынан тарта 18 массалык уулануу фактысы катталып, 39 адам оор абалда дарыгерлерге жеткирилген. Тамакка уулангандардын көпчүлүгү коомдук жайларда тамактанышкан. Мындан улам, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан тийиштүү текшерүүлөр өткөрүлүп, 418 коомдук тамактануучу жайларга административдик айып салынып, 300 объекти жабылган.