Көчөлөрдө түнкүсүн электр жарыгы өчүрүлөт (видео)

1350

Кыргызстанда түнкү жарыктандырууга тыюу салынды. Мындай буйрукка 2 күн мурда Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчилиги кол койгон. Ага ылайык, эми кафе, ресторан, мончо, сауна, дүкөн жана башка ушул сыяктуу жайлар түнкүсүн тышкы жарыгын өчүрүп коюшу керек. Ошол эле убакта, мындай чектөө борбордук көчөлөр жана магистралдар үчүн иштебейт экен.

Талаптын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча бөлүштүрүүчү компаниялар рейд жүргүзүшүүдө. Электр энергиясын үнөмдөө үчүн аргасыз киргизилип жаткан жаңы тартипке баш ийбегендер кандай жазага тартылышы мүмкүн?