Көчөнүн кыйшык салынышына себеп болгону жаткан кампа (видео)

507

Көчөнүн кыйшык салынышына жана бир нече турак жайдын түрттүрүлүшүнө себеп болгону жаткан кампа. Бишкек шаарынын Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү бир нече обьект, көчөнү реконструкциялоо иштеринин негизинде түрттүрүлгөнү жатат. Алар үчүн калаа бийлиги компенсация төлөп берүүгө да даяр экен.

Бирок жергиликтүүлөр муну менен макул эмес. Айтымдарында, асфальт башка тилкеге төшөлүшү керек болчу. Бирок ал жакта жогорку кызматта отурган адамга таандык кампа имараты жайгашкандыктан, план баштагыдан өзгөрүп, көчө ийрисинен кеткени жатыптыр.