Көчүрүлүп келген ооган кыргыздары алгач медициналык кароодон өтөт

1729

Ооганстандан көчүрүлүп келинген памирлик кыргыздар Нарынга бүгүн кечке маал барышат. Өкмөттүн берген маалыматы боюнча, алар облустук ооруканага келип, медициналык кароодон өтүшөт. Андан соң Нарын районунун Куланак айылындагы кесиптик лицейдин жатаканасына жайгаштырылылат.

50 ооган кыргызын алып келүү пландалып жаткан. Айрымдарына виза ачылбагандыктан калып калышкан. Учурда Кыргызстанга келген 33 памирлик кыргыздын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт, арасында кош бойлуу бир келин бар.

Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.