Кофе менен тартылган сүрөттөр (видео)

1749

Бурала баскан селкилер, ажайып табият жана кыргыздын жашоо-тиричилиги менен маданиятын чагылдырган сүрөттөр. Мунун баары кадимки кофе менен тартылган. 25 жаштагы сүрөтчү Нурлан Дүйшөбеков карандаш, акварель, түркүн түстүү боекторсуз эле оригиналдуу чыгармаларды жаратып келет. Өзгөчө ыкма «латте арт» ыкмасы деп аталып, анда образды кагаз бетине түшүрүү үчүн бери дегенде эки сааттан 10 саатка чейин убакыт кетет. Барынан кызыгы оригиналдуу сүрөттөрдүн автору искусство жаатында эч кандай билим алган эмес. Ал болгону атасынын жолун жолдоп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан эргүү аларын айтат.