Көгүлтүр от үчүн карызын төлөбөгөндөр (видео)

898

«Бишкекгаз» ишканасынын абоненттеринин соңку эки жылдагы жалпы карызы 15 миллион сомду түздү. Айрымдары 3 миң сом карыз болсо, кээ биринин бересеси 50 миң сомго жетет. Көгүлтүр отту жай-кышы дебей каалашынча колдонуп, бирок акы төлөөгө келгенде качкандардын арасында ички иштер министрлигинин кызматкерлери да бар экен.

Ал эми айрым абоненттер көгүлтүр отту уурдап жагып жатканы үчүн кармалган. Мындан улам «Бишкекгаз» ишканасы кескин чарага барууга даяр. Акы төлөбөгөн газ колдонуучулар менен соттошуп гана тим болбостон, газ берүүчү түтүктөрүн кыркууга өтөөрүн эскертишүүдө.