Кой-Таш айылында 22 жаштагы кызды коюп, качып кеткен айдоочу кармалды

659

2 күн мурда Бишкектин Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында 22 жаштагы кызды коюп, качып кеткен шектүү айдоочу колго түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ага караганда, кырсык кечки саат 7:30дар чамасында катталган. Анда айдоочу качып кеткен соң, күбөлөр кызды ооруканага алып баратканда, ал жан берген.

Кырсык болгон жерде кырсыкка күнөөлүү автоунаага таандык алдыңкы фара жана каптал эшиктин айнектери табылган. Дароо «перехват» планы жарыяланып, анын жыйынтыгында кечээ Арашан айылынын 40 жаштагы тургуну кармалды. Ал «Хонда» үлгүсүндөгү унаасын короосуна катып койгону аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.