Кой-Таш аскер бөлүгүндө мина жарылдыбы? (видео)

1770

Кой-Таш аскер бөлүгүндө мина жарылып, бир адам жарадар болду. Күтүүсүз кол салуу Михаил Фрунзе атындагы мото-аткычтар бригадасынын 100 жылдыгы белгиленип жатканда болгон. Бирок 73809-аскер бөлүгүнүн чалгындоо тобунун өздүк курамы кыска убакыттын ичинде душмандарды жок кылды. Жоокерлердин мындай күжүрмөн даярдыгы майрамдык иш-чаранын алкагында көрсөтүлүп, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Аскер бөлүгүнүн 100 жылдык мааракесине Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чакырылган. Кызмат өтөөдө өзгөчөлөнгөн жоокерлер, офицерлер жана ардагерлер Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысынын атынан кол сааттар менен сыйланды. Ошондой эле, мыкты кызмат өтөгөндөргө мекемелик медалдар тапшырылды.