Кой-Таш окуясы боюнча иш сотто териштириле баштады (видео)

1393

Шейшемби күнү Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум башталды. Жараян жабык эшик артында өтүп жатат. Соттун биринчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан сот залына өзгөчө кайтаруунун коштоосунда жеткирилди. Анын киргенин дагы чыкканын дагы видеого тартууга кайтаруучулар тоскоолдук кылышты. Себеби түшүнүксүз. Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинде жалпысынан 19 адам өтүп жатат. Анын бешөө тергөө менен кызматташкандыктан иши өзүнчө каралат.

Эсиңерге сала кетсек, былтыр 7-8 августта Чүй областынын Кой-Таш айылында оор күндөр болгон. 2013-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, былтыр жайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу суракка чакырылган. Анда ал күбө катары гана өтүп жаткан болчу. Бирок Атамбаев тергөөгө баруудан баш тартып, келгендерге карата ок чыгарам деп ачык эле билдирүүлөрдү жасаган эле.

Ал айткан сөзүн аткарды. Кой-Ташта ок атуулар болуп, УКМКнын бир кызматкери каза болду, ал эми Чүй областтык милициясынын жетекчиси Самат Курманкуловдун башына таш тийип, көп күн комада жатып, эми гана өзүнө келе баштады. Азыркыга чейин ал Москвадагы ооруканада. Бир адамдын өмүрүн, бир кишинин ден-соолугун алган окуя үчүн жооп берүүгө мезгил келди.