Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүүлөр көбөйүүдө (видео)

666

Кой-Таш окуясы боюнча иште кылмышка шектелгендердин саны өсүүдө. Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодуранова буга чейин күбө катары өтүп келсе, ага эки берене менен айып коюлуп, үй камагына калтырылды.

Ошол эле убакта, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев мурдагы мамлекет башчысы менен катар, дагы бир топ адамдарга карата каршы көрсөтмө бергени белгилүү болду. Кылычев өз көрсөтмөсүндө «Атамбаев бийликти басып алып, төңкөрүш кылууну пландап жатканын» айткан.