Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 2-мартта болот

2477

Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук отурум 2-мартта болот. Алдын-ала угуулар эртең мененки саат 9:30га белгиленген. Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Бул боюнча айыпталып жаткандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодурановадан тышкары дагы 9 адам бар. Кой-Таш окуясы Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу сыяктуу ири сот иштеринин бири катары каралууда.

«Альфа» атайын багыттагы бөлүмчөсүнүн бир офицеринин өлүмү менен коштолгон бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.