Кой-Таш окуясында катуу жаракат алган Самат Курманкулов сүйлөп калды

1288

Кой-Таш окуясында башынан катуу жаракат алып, дарылануу үчүн Москвага жөнөтүлгөн Чүй областтык милициясынын башчысы Самат Курманкулов өзүнө келип, сүйлөп калды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Айтымында, Курманкулов учурда ар кандай реабилитациялык көнүгүүлөрдү жасап жатат. Ошондой эле анын жумушка кайтып келер-келбеси белгисиз экени да кошумчаланды. «Себеби анын башына оор операция жасалгандыктан, иштеп кетүүгө кыйын болот» деди Метеров.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу.

Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Андан көп өтпөй, Россиялык дарыгерлер менен кеңешкенден кийин аны Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которуу чечими кабыл алынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.