Кой-Таштагы окуядан 50гө жакын адам жабыркады

922

Кой-Таштагы түндөгү окуяга байланыштуу Башкы прокуратура 6 берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Массалык баш-аламандык, бейбаштык, адам өлтүрүү, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук.

Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин барымтага алышы боюнча — туткунга алуу беренесине ылайык да кылмыш иши козголду. Башкы прокуратура учурда сотко чейинки тергөө амалдары башталганын маалымдады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн операцияда эки тарап кагылышып, бири-бирине таш ыргытып, ок атышуулар болгон. Мунун жыйынтыгында, жалпысынан 50гө жакын адам жабыркады. Алардын 22 УКМКнын кызматкерлери болсо, экөө тартип сакчы жана 23 жөнөкөй жарандар. Атайын даярдыктагы бир аскер алган жараатынан эсине келбей ооруканада көз жумду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.