Кой-Таштагы талкаланган автобустарды оңдоого 2 млн. сом керектелет

694

Бишкек шаардык мэриясы ал күнү жетекчиликтин тапшырмасы менен Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн 70 автобус болгонун маалымдады. Бирок эки тараптын кагылышуусунан улам 30 автобустун айнеги талкаланып, бирөө жарактан чыккан. Эми аларды оңдоого 2 миллион сом керектеле турганы айтылууда.

Андан тышкары, муниципалитет тапкан күнүмдүк киреше 100-120 миң сомго азайып, 60 айдоочу жумушсуз калды. Ошондой эле Бишкектин кээ бир жерлеринде «Коопсуз шаар» долбоорун аткарып жаткан «Вега» компаниясына тиешелүү видеокөзөмөл камералар да талкаланган. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин өкүлдөрү чыгым 4 миллион сомго жеткенин билдирүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.