Койлорунун жардамы менен баш байгеге жеткен малчы (видео)

901

НТС активдүү күйөрмандарына сыйлык тапшырды. Каналдын эн белгисин оригиналдуу кылып сүрөткө тарткандар жеңүүчү деп табылып, баалуу белектерди утуп алышты. Сынакка катышуу үчун НТС деген сөздү катыштырып ар кандай эмгектерди жаратып, аны сүрөткө тартып, социалдык тармактарга «Мен НТСти көрөм» деген хештег менен жарыялоо керек эле. Биздин редакцияга өлкөнүн булуң-бурчунан миңге чукул чыгармалар келип түшкөн. Анын 200гө жакыны иргелип алынып, жеңүүчүлөр тандалды. Калыстар тобу 3 сүрөттү эң оригиналдуу деп таап, бүгүн белектер ээлерине берилди.