Көйнөк кийбей келген кызматкер ЖК депутаттарынын жемесине кабылды

869

Айрым жарандар депутаттардын жоругу үчүн парламенттин жыйынынан куулган аткаминерден кечирим сурап жатышат.

16-январда Жогорку Кеңеште кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин бөлүм башчысы Талантбек Тынысов отурумга көйнөк кийип, галстук тагынып келбегендиктен эл өкүлдөрүнүн жемесине кабылды.

Депутаттардын өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди четке калтырып, аткаминердин кийимине асылганы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты.

Анын үстүнө бөлүм башчы Талантбек Тынысов көзгө өөн учурагандай, жаман деле кийинип келген эмес. Мындан улам, интернет колдонуучулар депутаттар аткаминерди кемсинтти деп, андан кечирим суроону талап кылышууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.