Көк бөрү боюнча биринчи Дүйнөлүк чемпионат Өзбекстанда өтөт

1228

Көк бөрү боюнча биринчи Дүйнөлүк чемпионат кийинки жылы Өзбекстанда өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы кабарлады. Мындай чечим 8-сентябрь күнү Ысык-Көлдө кабыл алынган. Анда аталган федерация менен Өзбекстандын Спорт министрлигинин өкүлдөрү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Эске салсак, 1996-жылы көк бөрү оюнунун жалпы эрежеси иштелип чыгып, ал эми 2001-жылы Бишкекте Эл аралык көк бөрү федерациясы негизделген. Анын курамына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан кирет.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн көк бөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы биринчи орунга ээ болду.