Көк-Бөрү боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын курамасы финалга чыкты

2205

Кыргызстандын көк-бөрү боюнча курама командасы Астанада өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта финалга чыкты. Бүгүн биздин улакчылар АКШнын спортчулары менен беттешип, таймаш 11:6 эсебинде аяктады. Оюндун биринчи таймынын алгачкы мүнөтүндө эле Замир уулу Таштемир улак салып биринчи упайды алып келди.

АКШнын көк-бөрүчүлөрү чемпионатта көпчүлүктү таң калдырып, өзгөчө оюн көрсөтө алышты. Беттештин 11-мүнөтүндө америкалыктар улак таштап, үч мүнөттөн кийин дагы бир жолу кайталап эки упайга ээ болушту. Таймаштын биринчи бөлүгүндө алар төрт жолу ийгиликке жетишип, эсеп 6:4 менен аяктады. Экинчи таймда Кыргызстандын курама командасы дагы беш жолу улак таштап, оюн 11:6 эсебинде жыйынтыкталды. Астанада бүгүн чемпионаттын бешинчи күнү өтүп жатат. Буга чейин Кыргызстандын улакчылары Монголия, Өзбекстан, Түркия жана Тажикстандын командалары менен беттешип, баарын тең ири эсеп менен утуп алган.

Эми оюндун кызыгы бүрсүгүнү болот. 27-августта Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары чемпион наамы үчүн беттешет.