Көк бөрү боюнча КР курама командасы дүйнө чемпионатына катышпайт

2240

Кыргызстан көк-бөрү боюнча дүйнө чемпионатына катышпайт. Мындай чечим Улуттук федерациянын жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, көк-бөрү боюнча алгачкы дүйнө биринчилиги быйыл күздө Өзбекстандын Ташкент шаарында өтмөк. Бирок азырынча анын так датасы айтыла элек.

Буга чейин Астанада өткөн эл аралык көк-бөрү федерациясынын чогулушунда мындан ары бүткүл мелдештерди казактардын көк пар оюнунун эрежеси менен өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул жыйынга Кыргызстан каршылык иретинде катышкан эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.