Көк-Бөрү боюнча кыргыз-казак талашы эми токтойбу? (видео)

1158

Көк-Бөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилди. Эми эл аралык мелдештерде Көк-Бөрү биздин эрежелер менен ойнолот. Бирок айрым коңшу өлкөлөргө мындай көрүнүш жакпай, талаш жаралышы ыктымал, дешет спортчулар. Белгилей кетсек, Казакстанда бул оюнду «Кокпар» деп атап, анын эрежелерине өзгөртүү киргизишкен. Анын айынан коңшулар уюштурган чемпионатка биздин көкбөрүчүлөр катышпай кала жаздаган эле. Оюндун ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандын атынан кириши талашка биротоло чекит коебу?