Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды (видео)

1498

Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Оюн Төлөйкөн ат майданында өтүүдө. Түшкө чейин таймашка Бишкек жана Чүй областынын курама командалары чыгып, беттеш 10:3 эсеби менен Сары-Өзөндүн пайдасына аяктады. Улуу жазуунун 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында башталган оюнга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 9 команда катышмакчы.

Чучукулак кармоодо 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн. Буга ылайык, алгачкы беттеште Бишкек менен Чүй областынын курама командалары күч сынашты. Андан кийин, Ош жана Жалал-Абаддын улакчылары намыс талашса, түштөн кийин Талас менен Баткендин көк-бөрүчүлөрү беттешти. Ал эми финалдык оюн 3-ноябрда болмокчу. Көк-бөрү биринчилигинин байге фонду 200 миң сомду түзөт.