Көк-Бөрү боюнча президенттин кубогун «Достук» утуп кетти (видео)

1218

Көк-Бөрү боюнча президенттин кубогун «Достук» командасы алып кетти. Мелдештин финалы кечээ Эгемдендүүлүк күнүндө Чолпон-Ата шаарында өттү. Баш байге үчүн Оштун «Достук» жана Таластын «Мурас» командалары таймашып, бир упай айрыма менен жеңишти «Достуктун» чабандестери алып кетишти. Эсиңиздерге сала кетсек, августтун акыркы жумасында Чолпон-Ата шаарынын иподромунда ар төрт жылда бир уюштурулуучу «Манас оюндары» өттү. Анын алкагында Көк-Бөрү боюнча президенттин кубогу да өткөрүлгөн.