«Көк-бөрү»: Бүйүр кызыткан көркөм тасма (видео)

1207

Кыргыздын улуттук оюнун даңазалаган, спортко арналган алгачкы кыргыз тасмасы.  «Көк-бөрү» көркөм фильми өлкөнүн баардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Бишкекте анын бет ачаары өтүп, ага келгендердин баары фильмге мыкты деген баа беришти.

«Көк-бөрү» тасмасын режиссер Руслан Акун жаратты. Фильм Кыргызстандын эң кооз жерлеринде тартылып, ролдорду мыкты делген актерлор аткарышкан. Бүйүр кызыткан көркөм тасманы жаратууга баш аягы 30 миллион сом сарпталды.