Көк-Бөрү федерациясында жетекчилик алмашты

903

Аймактардан келген делегаттар курултай өткөрүп, көпчүлүк добуш менен Жыргалбек Саматовду президенттиктен кетиришти. Ал бул кызматка былтыр июль айында келген.

Курултайдын катышуучуларынын айтымында, Жыргалбек Саматов Астанада өткөн көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциациянын жыйынына барбай, Кыргызстандын намысын талашкан жок.

Отурумда Саматов былтыркы жыл боюнча маалымат берип, добуш берүү баштала электе эле залдан чыгып кетти. Көк-бөрү Федерациясынын президенттигине эки талапкер сунушталып, алардын бири Талас Бегалиев кызматтан баш тартты. Экинчи кандидат Искендер Кадыркулов көпчүлүк добуш менен Федерациянын президенти болуп шайланды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.