Көк-Бөрү: казак тарап соодалашууга бардыбы? (видео)

1102

Кыргызстандык көк-бөрүчүлөр кечээ күнкү беттеште соодалашууга барды, деген айыптоолорду четке кагышууда. Бул тууралуу улуттук курама команданын жетекчиси Талас Бегалиев билдирди. Кечээ күнү өткөн финалдык мелдештен соң, күйөрмандар, кыргыз улакчылары — казакстандык көк-бөрүчүлөргө атайылап утулуп бериштиби, деген шектенүүлөрүн айтып чыгышкан. Белгилей кетсек, кечээ күнү Астана шаарындагы Кыргызстан менен Казакстандын улакчылары финалдык оюнда таймашкан. Беттештин жыйынтыгы менен, Казакстан командасы 4:1 эсебине Кыргызстандын курамасын утуп, көкпар боюнча дүйнө чемпиону болду. Коло медалга Тажикстандын оюнчулары ээ болушту.