Көк-Бөрү оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизилди

2492

Кыргыздардын Көк-Бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул туурасында эл аралык уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Ал жактан бул оюн тууралуу документалдык видеону да көрүүгө болот. Кыргыздын улуттук оюну — Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралган. Анда Көк-Бөрү оюну жалгыз Кыргызстандын атынан катталды.

Эске салсак, 2014-жылы Көк-Бөрү оюнун каттоого документтер жиберилип, бирок көп өтпөй ага толуктоолорду киргизүү керек деген жүйөө менен артка кайтарылган болчу. Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы жана Сулайман-Тоо кирген.

Ал эми өлкөдөгү бир нече аймактар, коруктар тарыхый баалуулуктар тизмесине кошулган. Ысык-Көл болсо уюмдун Биосфералык резерваттарынын Дүйнөлүк түйүнүнө киргизилген. ЮНЕСКО өз тизмесине киргендерди эл аралык деңгээлде жайылтууну жана аларды коргоого алууну көздөйт.