Көк-бөрү: Тайказан чырына чекит коюлдубу? (видео)

1274

Көк-бөрүнү тайказан менен ойноо эл аралык эрежелерде расмий түрдө бекитилди. Мындай чечим Ташкент шаарында өткөн Эл аралык Көк-бөрү федерациясынын конгрессинде кабыл алынды. Демек, ушул жылы Өзбекстанда боло турган Дүйнө биринчилиги тайказанды колдонуу менен өткөрүлөт. Бирок буга Казастандын улуттук оюндун турлору боюнча федерациясы тарабынан бут тосуулар болгону айтылууда.

Кошуна өлкөнүн өкүлдөрү өздөрүнүн «көкпар» оюнунда тайказанды тааныбай, улакты жерге чийилген айланага таштоо ыкмасын жактап келишет. Деген менен, көк-бөрү тайказан менен ойнолушу керек деген пикирди казакстандыктардын 80 пайызга жакыны колдошот экен. Ага карабастан, көк-бөрү оюнундагы эрежелер боюнча эки өлкөнүн федерацияларынын ортосундагы пикир келишпестиктер бир нече жылдан бери уланууда.