Көк бөрүчү Манас Ниязовдун формасы аукционго коюлду

1383

Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аны Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын «Инстаграмдагы» расмий аккаунту жүргүзүүдө.

Баракчада маалымдалгандай, аукциондон түшкөн каражат былтыркы жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берилет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат, түшкөн каражатты улакчы Ниязов өз колу менен Жакеевге тапшырмакчы.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында “Ак кула” ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктаган. 1999-жылы туулган жигит ошондон бери өз алдынча баса албайт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.