Көк-Бөрүчү Манастын энесин президент куттуктады (видео)

1498

Эне мээнетин — адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтты. «Жашоонун башаты — эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет. Сиздер сый-урматка, жылуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуусуздар. Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң», деди мамлекет башчысы. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков 12 баатыр энени жана эл аралык аренада Кыргызстандын атын тааныткан балдардын апаларын кабыл алып, жылуу куттуктады.