Көк-Бөрүчүлөргө көз тийдиби? (видео)

785

Көк-Бөрү федерациясы оюндун баштапкы эрежелерин ордунда калтырууга мындан ары дагы аракеттене бериши керек. Мыдай пикирин Көк-Бөрүнүн областтык уюмдарынын өкүлдөрү айтышууда. Кыргызстандын Көк-Бөрүсү менен Казакстандын көкпарынын ортосундагы тирешке эми Кыргыз федерациясынын өзүндөгү пикир келишпестиктер кошулду.

Уюмдун мурдагы айрым жетекчилери бирин-бири күнөөлөп жатышат. Анын себеби мындан 6 жыл мурда Астана шаарында түзүлгөн өзүнчө ассоциацияга кошулууга Кыргызстандын Көк-Бөрү федерациясынын ошол кездеги башчысы Канат Исаев макул болгону. Бирок Жогорку Кеңештин депутаты бул айыптоолорду жалган жалаа деп атады.