Көк-бөрүнү тайказан менен ойноо эл аралык эреже бойдон калды

1235

Бул тууралуу Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясынан билдиришти. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн Эл аралык Көк-бөрү федерациясынын конгрессинде оюнда буга тиешелүү маселе күн тартибинен алынып салынган. Ошону менен бирге тайказан менен ойноо эл аралык эреже бойдон калган.

Ташкентте өткөн Эл аралык Көк-бөрү федерациясынын конгрессинин кезектеги жыйынына 9 мамлекеттин жана Россиянын 6 субъектисинин өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Америкада дагы федерация түзүлүп, ал да Эл аралык Көк-бөрү федерациясына мүчө болуп киргени белгилүү болду.

Эске салсак, буга чейин улак тартышты тайказан менен ойноого Казакстандын федерациясы каршы чыгып, алар оюнду «көкпар» деп атап, улакты жерге чийилген айланага таштап ойноп калышкан.

Ал эми, Эл аралык Көк-бөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев мындан ары Көк-бөрү боюнча кандай гана чемпионат болбосун, бардык мелдештер Эл аралык Көк-бөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөрүн билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.