Көк-Бөрүнү түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОго киргизүү демилгеленүүдө

925

Көк-Бөрү оюнун түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүү демилгеси көтөрүлүүдө. Идея Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго таандык. 21-апрелде Ош шаарында Түрксой уюмунун курамындагы өлкөлөрдүн ЮНЕСКО боюнча комиссияларынын жыйыны өткөн.

Анда Жаманкулов Көк-Бөрү менен катар эле башка жалпы улуттук оюндарды түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүү керектигин билдирди. Аткаминер айрым окшош улуттук баалуулуктарды ар бир өлкө өзү үчүн эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн атынан каттатса туура болот деген пикирде.

Белгилей кетсек, Көк-Бөрү оюну 2017-жылы аталган эле уюмдун материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.