Көк бөрүнүн Эль-Класикосу болбой калды (видео)

741

Күтүлбөгөн жеңилүү. Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасынын жарым финалда Өзбекстандын улакчыларына утулуп калуусу көпчүлүктү таң калтырды. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Казакстан Өзбекстан менен беттешип, 4:5 эсебинде утулуп калган. Мындай жыйынтык оюн ышкыбоздору үчүн күтүүсүз болду.

Себеби соңку 20 жылдан бери көк бөрүдө негизги күрөш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жүрүп келген. Мындан улам айрым адистер коңшу өлкөнүн спортчулары «атайылап утулуп» беришти деп жатышат. Кыргыз улакчылары арасында казакстандык көк-бөрүчүлөрдү намысты алдырганы үчүн айыптап, уяткаргандары дагы чыкты. Казак командасынын жеңилүүсүндө кандайдыр бир саясат бар деген пикирлер дагы айтылууда.