Көк бөрүнүн күйөрмандары эмнеге нааразы? (видео)

946

Бишкектеги “Ак кула” ат майданын жаңылоо иштери быйыл башталышы мүмкүн. Бул туурасында муниципалдык мүлк башкармалыгынан билдиришти. Азырынча ипподромду модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн канча каражат сарпталаары белгисиз. Учурда 3 эскиз сунушталып жатыптыр. Ордо калаанын жалгыз ипподромунда 20 жылдан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам, улуттук оюндарды көрүүгө келген ат оюндарынын ышкыбоздору орундардын жетишсиздигине нараазы болуп келишет. Быйыл көк бөрүнүн күйөрмандары былтыркыга салыштырмалуу 5 миңге көп болуп, мелдешти көрүүнү каалагандар милиция кызматкерлеринин айласын кетиришти. “Ак кула” ипподромундагы отургучтардын санын көбөйтүү маселеси жыл сайын көтөрүлүп келет.