Көк-Жар: көрүстөндөгү бир жайдын баасы 70 миңге чыктыбы? (видео)

1123

Чүй областынын Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары 6 миллион сомдук футбол аянтчасын курулганына нааразы болушууда. Айтымдарында, бул аянтча эки эсе арзан баага бүтмөк. Анын үстүнө айылда таза суу көйгөйү чечилбей жатканда каражатты максаттуу колдонсок болмок деп алар бул ишке айыл өкмөт башчысын айыптап жатышат. Өз кезегинде айыл өкмөт башчысы өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда. Анын айтымында, аны атайын каралап жатышат.