Көк түтүнгө тумчуккан бишкектиктер митинге чыгышты (видео)

1048

«Биз тумчугуп жатабыз!» Бүгүн мындай ураан алдында Бишкектин тургундары менен жарандык активисттер шаардагы бактарды жок кылууну токтотуу талабы менен чыгышты. Алар калаа бийлиги тарабынан бак-дарактар аёосуз кыйылып жатышына нааразы. Мэриянын алдына чогулган жүздөй активист калаада аба булганып жатышынын белгиси катары беткап кийип алышкан. Акциянын катышуучулары калаа башчысын жана тиешелүү жетекчилерди тышкы чыгып, бир топ суроолорго жооп берүүсүн талап кылышты. Бирок шаар бийлиги тарабынан жолугушууга эч ким келген жок.